Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ЭЛЕКТР БАЙЛАНЫШ БИРЛИГИ (ЭЭББ) – БУУнун адистештирилген мекемелеринин бири; электр байланышын жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн эларалык кызматташтыкты колдойт жана кеңейтет; электр байланыш тармагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө техникалык жардамдарды көрсөтөт; техникалык каражаттардын өнүгүшүнө жана аларды оптималдуу пайдаланууга көмөктөшөт. 1865-жылы Эларалык телеграф бирлиги катары негизделген.