Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК АСКЕР ТРИБУНАЛЫ – башкы согуш кылмышкерлерин изилдеп-иликтөө жана жазалоо боюнча эларалык сот органы. Улутчул Германия тарабында согушкан Европа өлкөлөрүнүн кылмышкерлери үчүн Э. а. т. СССР, АКШ, Улуу Британия жана Франциянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Лондон макулдашуусу боюнча 1945-жылы 8-августта уюштурулган (кара:Нюрнберг сот жүрүмү). Ыраакы Чыгыш үчүн Э. а. т. 1946-жылдын 19-январында уюштурулган (кара:Токио сот жүрүмү).