ЭЛ ОРУНГА ОТУРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кеч кирип, караңгылык толук өкүм сүрүп, элдин баары жайланышып, жай-жайына отуруп калган маал, учур деген сыяктуу убакыт маанисинде колдонулат. Адылбек үйгө келгенде каш карайып, эл орунга отуруп калган эле (Өмүрбаев). Күлжан эл орунга отурганда үйүнө келди (Байтемиров).