ЭЛ КӨЗҮНӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Башкалар ушундай экен го деп түшүнсүн, ушундай деп ойлосун деген максатта сыр алдырбоо аракетин билдирүүдө колдонулат. Байымбет эл көзүнө эчтекени элебегендей тымызын мемиреп, ...булардын көксөөсүн суутуу максатын көздөдү (Бейшеналиев). В.: Душман көзүнө. Душман көзүнө ошондой кыла туруш керек деди («Ала-Тоо»). Журт көзүнө. Айла канча, жашынын, тагынын улуулугун сыйлап, журт көзүнө зорго сыртка чыгара албай ичинен кайра зиркилдөөдө (Бейшеналиев).