Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу уят болуу, уятка калуу. Не деген киши эле. Эл караган бети жер карады, турмушу да курусунчу, – деп көрүп тургандар абдан кейиди («Ала-Тоо»). В.: Эл караган жүзүн жер каратуу. Эл караган жүзүмдү жер каратпагылачы! – деп жиберди (Осмоналиев). Элибиздин эл караган жүзүн жер каратабыз десеңер өз эркиңер! (Медетов).