Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келген-кеткендер, баскан-тургандар азайып, сейрек тартып калуу, басаңдай түшүү. Ашка келгендер тараганда, эл аягы суюлганда жалгыздап барат (Осмоналиев). Салтанаттуу жыйын тарап, эл аягы суюлуп калган кезде Карел менен Ашырбек сүйлөшүп турду (Ашымбаев). В.: Эл аягы басылуу. – Кана, даяр болдуңарбы? Эл аягы басылып, элдин бардыгы кызык уйкуга кирди, – деди Маты (Жантөшев). Карачал жиберген тыңчы эл аягы басылганда айылдын четине келди (Жоошбаев). Эл аягы суу. Эл аягы сууган мезгилде, доктурга көрүнүүгө кечке жакын келиптир («Ленинчил жаш»). В.: Эл аягы тыйылуу. Бакылдаган үндөр уламдан-улам алыстап, эл аягы тыйылып калды (Байтемиров).