эл
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Мамлекеттин, өлкөнүн калайык калкы. Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул).
2. Улут, белгилүү бир тилде сүйлөгөн калк. Кыргыз эли ар тараптан гүлдөп өсүүдө. Элдерди мактап өзүңдү [кыргызды], Алардын кылба кийини (Сарногоев).
3. Өлкөнүн негизги массасы (таптык коомдо бийлик жүргүзүүчү таптын эзүүсүндө болгон калк). Эмгекчи эл.
4. Адам, киши. Эл жокто сүйлөшөлү деп, конторунан чыгып кетти («Советтик Кыргызстан»).
♦Эл болуу — тилектеш, ынтымактуу болуу, касташпоо. Эл бол десем эл болдуң, Эгер жок менин арманым («Курманбек»). Эл эмес — жоо, каршы, душман. Шыгайдын уулу Чынкожо, Семетей сага эл эмес («Семетей»). Элден мурда же эл асты болуп — эң мурда, адегенде. Элден мурда бул ишти бүтүрө коёлу, анан жай сүйлөшөлү («Ала-Тоо»). Эл асты болуп биз келиптирбиз («Советтик Кыргызстан»). Эл кайда көчөт — майда-майда темгил тактары бар кызыл, сары түстүү кичинекей коңуз.