Эл
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛ – 1) конституциялык укуктун теориясында ошол мамлекеттин аргандай улуттук жалпылыктарга бөлүнүшкөнүнө карабастан, бирдиктүү социалдык-экономикалык жана саясий жалпылыкты түзгөн калкынын баары. Бул мааниде заманбап конституциялар Э. жөнүндө мамлекеттеги «эгемендүүлүктүн алып жүрүүчүсү жана бийликтин жападан жалгыз башаты» катары карайт. «Э» түшүнүгү кандайдыр бир мамлекеттин аймагы менен байланышпаган (бул учурда «Э» аталгысы «улут», «этностук жалпылык» аталгысына түгөйлөш) башкалардан өзгөчөлөнгөн улуттук-маданий жалпылыкты дагы билдирет; 2) элдердин эларалык укук тармагынын субъекти. Э. биринчи жолу 1945-жылы БУУнун Уставында «элдердин тең укуктуулугу жана өзүн өзү аныктоо» принциби бекитилгенинин натыйжасында гана эларалык укуктун жалпы таанылган субъекти болуп калган. Ошону менен бирге эле, ушул убакытка чейин эларалык коомчулук тарабынан жалпы таанылууга жетишкен «Э.» түшүнүгү жок. Эларалык укук эле эмес, этнографиялык адабияттарда дагы бул багыттагы талаштар ХIХ кылымдан бери карай келе жатат. Көпчүлүк аныктамалардын негизинде белгилүү аймакта тарыхый жактан калыптанган, башкалардан тилинин жалпылыгы, салыштырмалуу туруктуу маданий жана дүйнө тааным өзгөчөлүктөрүн таанышкан, ошондой эле өздөрүнүн биримдигин жана белгилүү өз аталышы бар адамдардын жалпылыгы жатат. Иш жүзүндө «Э.» түшүнүгү аркыл учурларда уруу, уруулардын тобу, элдүүлүк, этностук улут, диний жалпылык, тилдик жалпылык дегендерди өзүнө камтыйт.