ЭЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Мамлекеттин, өлкөнүн калайык калкы. Эл менен көтөргөн жүк жерде калбас (Айтматов). Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Эңкейдим аркы бетине, Элимдин чыктым четине (Казыбек). 2. Улут, белгилүү бир тилде сүйлөгөн калк. Элдин сезими – тарых сезими (Айтматов). Кыргыз эли ар тараптан гүлдөп өсүүдө. Элдерди мактап өзүңдү [кыргызды] Алардын кылба кийини (Сарногоев). Канчалык сонун болсо да, Эл-журтум турат эсимде (Казыбек). 3. Көпчүлүк, коомчулук. Көп жигиттер эл мүдөөсүн унутуп, Мансап, арды тартып жүрөт көк бөрү (Абылкасымова). Эмгекчи эл. Эл жокто сүйлөшөлү деп, конторунан чыгып кетти («Советтик Кыргызстан»). Эгерде керек болсо көтөрөйүн, Энеке, жонума артчы элидн жүгүн (Акматалиев).