Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Экзопланета (бай. грек. ἔξω, exō — сыртында, тышкары) же күндөн тышкары планета, — Күн системасынын тышкары жайгашкан планета. Планеталар жылдыздарга салыштырмалуу өтө кичинекей жана жарыгы аз болгондуктан жана жылдыздар Күндөн алыс жайгашкандыктан (эң жакыны — 4,24 жарыктык жыл аралагында), башка жылдыздардын айланасында жайгашкан планеталарды табуу узак убакыт чечилбеген маселе болуп келген. Алгачкы экзопланеталар 1980-жж. аягында ачылган. 2019-ж. 10-апрелине 3013 планеталык системада 4036 экзопланета так аныкталган.