Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени абдан самоо, эңсөө же бирөөнү чыдамсыздык менен зарыга күтүү, ак эткенден так этүү. Энесин каалап көрүүгө, Эки көзү төрт болуп («Манас»). Өмүр бою элге аралашсам дегенде эки көзүм төрт болуп бүткөн (Медетов). Жок дегенде, элдүү жерге жетсем дегенде Таабалдынын эки көзү төрт болду («Ала-Тоо»). Убактысынча болсо да тынчтанса экен деп эки көзү төрт боло самаган Сулайман (Осмоналиев). В.: Эки көзү төрт. Сөзү урпактарга жазма түрүндө жетсе дегенде эки көзү төрт (Бейшеналиев). Мектеп, бала бакча аймакташ болуп, айыл ичинен орун алса дегенде эки көзүбүз төрт («Кыргызстан маданияты»). Көзү төрт. Жамгыр башталып, иңир кире электе капчыгайдын төрүнө жетип алсак экен дегенде Ажыбектин көзү төрт (Кушубеков). Ырас, кан төгүлбөсүн дегенде Мадамин бектин көзү төрт (Касымбеков).