ДҮЙНӨДӨН КАЙТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өлүү, каза болуу, көз жумуу. Энең болсо былтыр ушул маалда дүйнөдөн кайткан (Сасыкбаев). Ал дүйнөдөн кайткандан бери бул көнүмүш Шааркандын турмушуна жаңыдан пайда болду (Мавлянов). Отуз эки жашыңда өтүп кетти дүйнөдөн (Тоголок Молдо). В.: Дүйнөдөн жүз үйрүү. Жазмыш ошол белем, кайран Домбу бул дүйнөдөн жүз үйрүп бизди таштап кетти (Касымбеков). Дүйнөдөн өтүү. Бир элге «датка айым» атанган, токсон алты жыл өмүр сүргөн кадырлуу Курманжан дүйнөдөн өткөнүн айткан биринчи кабар уездин акими Авров төрөгө жөнөтүлдү (Касымбеков). Бейли жумшак кебезден, Бул дагы өттү дүйнөдөн (Токтогул). Дүйнөдөн нечен түркүн жандар өткөн, Кылычынан кан тамган хандар өткөн.