Депозитарий — Баалуу кагаздарды эсепке алуу, сактоо, ага менчик укугунун өтүшүн каттоо жана тастыктоо боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштоого байланыштуу иш.
Депозиттер менен иш алып баруу — Акча-кредит саясатынын каражаты (инструменти), ал Улуттук банктын мөөнөттүү депозит эсебине кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын тартуу аркылуу, банк тутумунанүстөк ликвиддүүлүктү алып салуу максатында колдонулат.