Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Карыз конверсиясы — Карызды карыздык эмес милдеттенмеге (мисалы, капиталга катышуу инструментине) же улуттук валютадагы эквиваленттүү каражатка (мисалы, айкын долбоорду, программаларды же башка иш-чараларды каржылоого багытталышы мүмкүн болгон каражаттарга) алмашуу.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Карыздык инструмент (инструменттер) — Карыздык инструменттер, эрежедегидей эле, келишимдик мамилелердин негизинде келип чыгат, ага ылайык бир институционалдык бирдик (карызгер) башка институционалдык бирдик (кредитордун) алдында пайыздары менен же пайыздарды төлөөсүз негизги сумманы кайтарып берүүгө же негизги сумманы кайтарып бербестен пайыздарды төлөөгөшартсыз милдеттенмени өзүнө алат. Карыздык баалуу кагаздар, кредиттер жана насыялар, соодалык кредиттер, ошондой эле нак валюта жана депозиттер мына ушундай инструменттердин катарына кирет. Карыздык инструменттер ошондой эле, мыйзам нормаларын аткаруу аркылуу (эң оболу бул, салыктарды төлөө же башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерге кирет) же жакын арада кредиторго төлөм төлөө милдеттенмесинин карызгер тарабынан алынышын шарттаган укуктардын жана милдеттердин негизинде да келип чыгышы мүмкүн.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Карызгерлердин отчет берүүсистемасы —) Дүйнөлүк банктын өнүккөн өлкөлөрдүн карыздарына мониторинг жүргүзүү максатында пайдаланылган статистикалык отчет системасы. Маалымат, карыз алуучу-өлкөлөрдүн отчету түрүндө берилет. Мындай маалыматтардын негизинде Дүйнөлүк банк жыл сайын Global Development Finance («Глобалдыкөнүгүүнү каржылоо») докладын даярдайт (мурда –World Debt Tables).

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Карызды кайра каржылоо — Төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карызды кошо алганда, алгачкы карызды жаңы карыздык инструменттерге конверсиялоо. Башкача айтканда, жаңы карыздык милдеттенмелер аркылуу мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды же карызды тейлөө боюнча келечектеги милдеттенмелерди «төлөө» ишке ашырылат.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Карызды кайра тариздөө(түзүмүн карап чыгуу) — Карызды кайра тариздетүү дегенден улам, карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү расмий кийинкиге жылдырууну жана кийинкиге жылдырылган сумма боюнча жаңы, кыйла узартылган мөөнөттөрдүн белгиленишин түшүнүү зарыл. Карызды кайра тариздетүү карыз алуучунун карыз оорчулугун жеңилдетүү ыкмаларынын бири болуп саналат. Ал кийинкиге жылдыруу, ал эми жеңилдик шарттарында кайра тариздетүү учурунда, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди кыскартуу аркылуу ишке ашырылат.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Карызды тейлөөкоэффициенти — Жыл ичинде карызды тейлөөнүн (төлөөгө каралган пайыздарды жана негизги сумманы) салыштырмалуу көрсөткүчү, ал ошол жылдагы экспорттон (эрежедегидей эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн) же жыл ичиндеги бюджет кирешесине карата пайыздарда туюндурулат. Келечекте карызды тейлөө коэффициентин эсептөөүчүн экспорттук же бюджеттик түшүүлөргө алдын ала баа берүү зарыл. Бул коэффициент өлкөнүн карыз оорчулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелинет.