Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Деңдароо болуу, эмне кыларын билбей жалдырап калуу, өзүн жоготуп коюу. Көсөл эмне деп айтарын билбей, дал болуп калды (Каимов). Шерали кирпигин ойсуз кыбыратып, баш көтөрбөй, бул сөздүн кимге айтылып жатканын ажырата албай, дал болуп отура берди (Касымбеков). 2. Алсыроо, мууну-жүүнү бошоо, далдыроо, жүрбөй калуу. Бүткөн боюм дал болгон, Кызмат берчү эки кол, Былкылдабай шал болгон (“Манас”).