ЧЫРАГЫНА МАЙ ТАМУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Иши оңдой берди болуу, иштин оңолуш кыябы, оңу келе калуу. Мындай учурда бийлөөчүлөрдүн чырагына май тамат (Бейшеналиев). Баятан бери ичтеги нааразылыктарын ачыкка чыгара албай олтурган меймандардын чырагына май тамды («Кыргызстан маданияты»). Колдо даяр мал болбогон соң, ишенери минтип турса, Орозбайдын чырагына май тамабы деп жүрөксүнгөн (Өгөбаев).