ЧЫРАГЫНА МАЙ ТАМУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Каалаганына, көздөгөнүнө жетүүгө жол ачылуу, мүмкүнчүлүк түзүлүү, оңтойлуу абал пайда болуу. 2. Баштагыдан да күчөө, албууттануу, ырбоо. Мындай учурда бийлөөчүлөрдүн чырагына май тамат (Бейшеналиев). Баятан бери ичтеги нааразылыктарын ачыкка чыгара албай олтурган меймандардын чырагына май тамды («Кыргызстан маданияты»). Колдо даяр мал болбогон соң, ишенери минтип турса Орозбайдын чырагына май тамабы деп жүрөксүнгөн (Өгөбаев). В.: Чырагына май куюу. Бул окуя полковниктин чырагына май куйду (Осмоналиев). Чырагына май тамызуу. Мына мындай абал Карасакалдын чырагына кайрадан май тамызган эле (Абдыраманов). Анын үстүнө аялы ого бетер сүрөмөлөп, чырагына май тамызып турчу (Борбиев). Yй ээсинин жоктугу да Манап байдын чырагына май тамызып койду (Сыдыкбеков).