Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жүгүрүү, катуу, тез жүрүү. Чуркаган баланы көрүп, чалдын буту зыркырайт (макал). Чуркап отуруп бир оокумда караса Жылдызкан кыштакка кирип кетиптир (Байтемиров). Атаганат Чалкуйрук, Арбыта чуркап алыптыр («Эр Төштүк»). Энем экөө ыраак калып калышты, мен жеткирбей чуркап кеттим (Жакиев). 2. Тароо, жайылуу. Ой бийлеп, чубап жатты көңүл чиркин, Кан чуркап, кагып жүрөк эркин-эркин (Бөкөнбаев).