Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн жерине мал баккандыгы үчүн төлөнүүчү салык. Мен Карабайдан кетер жылы агам Табылды чөп оозго беш сом акча төлөмөкчү болуп калат (Баялинов). Ырамат-чыгым, чөп ооз айыл жакшыларынын энчиси, айтор, бүгүн тапканы бүгүн бойго жукпай, кайдагы түбү терең кудукка түшөт да, жок болот (Сыдыкбеков). Эми чөп оозу чыгат эмеспи дагы (Даникеев).