Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
тар. Бирөөнүн жерине малын жайып, оттоткондугу үчүн төлөнүүчү салык. Мен Карабайдан кетер жылы агам Табылды чөп оозго беш сом акча төлөмөкчү болуп калат (Баялинов). Ырамат-чыгым, чөп ооз айыл жакшыларынын энчиси, айтор, бүгүн тапканы бүгүн бойго жукпай, кайдагы түбү терең кудукка түшөт да, жок болот (Сыдыкбеков).