ЧӨП І
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ичке сабактуу бир жылдык же көп жылдык, көбүнчө тоютка жумшалуучу майда өсүмдүк жана анын тоют үчүн жыйналып алынгандагысы. Чөп чыкпаган сайдан кач, Кайыры жок байдан кач (макал). Ар бир түрлүү сонун чөп, Ыргалып турат тоолордо (Тоголок Молдо). Андрей эрте туруп алып уюна чөп салып, бастырмасынын үстүндө жүргөн (Байтемиров).