Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Кыз узатуу салтындагы ырым-жырымдардын бири, жеңелери кыздын мурдагы майда өрүм чачын жазып, жубайлык турмушу берекелүү болсун деген ырым менен чачын сары май менен майлап, эки өрүп, учун ак кебез менен бекитип байлап, элечек кийгизип (жоолук салып), отурган байбиче, келин-кыздарга чачыла чачуусу. Чач өрүү ырасмисине о.э. ошол учурда кызга нарктуу байбичелер, жеңелери тарабынан насаат айтылуусу кошо кирет.