БөөТ-ЧөөТ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ар кандай майда бөгөт, бөлөк-бөлөк, майда-майда көлчүк болуп токтоп калган чөөт, уңкур-чуңкур. // Ар түрдүү майда-чүйдө бөлүнүштөрү, бөлмөлөрү бөлүктөрү, көп. Андрей болсо бөөт-чөөт кылып дегеле түрдүү нерселерди айдайт (Байтемиров). Түпкүрдөгү бөөт-чөөт бөлмөлөргө ээрчитип түшүп, складынан эки матрац алып берди (Бейшеналиев).