Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орулган чөптү, эгинди байлоо үчүн жасалган боо. Асылкан орок оргондо бир киши жалаң боолугуна жетпеген кездери болгон (Элебаев). 2. Илмеги бар же илип коюуга ылайыкталган ар кандай боо. Жылкы ичинде чоң тору ат боолук салса карматат (Тоголок Молдо). Желдиктүү найза суналтып, Боолугун колго кыналтып («Эр Табылды»).