Энциклопедия "Манас". ч.1.
БООБЕК — кырк чоронун бири. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чабышта күлүгү он экинчи келген, Б. тагдырына буюрган Аземканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424). Эпосто казактын алчын уруусунан экени айтылат.