Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тобу менен кырылуу, үстү-үстүнө сулай берүү, катуу кыргынга учуроо, катуу кыйроо. Бир боорум үчүн деп чапкын, Боо түшүп душман жыгылсын (Маликов). Жигиттер урушу жок эле четинен боо түшүп ич өткөктөн кырылып өлүп жатат го? (Касымбеков). Айлалап көптүк кылып чуркабасак, Алыстан мылтык тийип түшөбүз боо (Аалы).