БОО I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсени байлоого, таңууга, байлап бекитүүгө керектелген жип, тасма жана башка нерсе. Дагдаңдап бул катарда Келгенбай бар, Боо чечип, үзүк сыйрып, жүгүн таңган (Бөкөнбаев). Лыжаларды майлайлы. Боосун бекем байлайлы (Осмонкул). 2. Эгиндин, чөптүн ж.б. бир байламы, бир таңгагы. Аңыздагы боолор жуушаган койдой калың. (Сыдыкбеков). Жүр, үч боо камыш сурап келели (Касымбеков).