БОО
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк эстеликтеринде ба этишинин өзү эле азыркы кыргызча байла деген сөздүн маанисин берген (ДТС, 76). Ошол ба деген этишке -г//к мүчөсү жалгануудан баг//бак сөзү келип чыккан. Баг//бак сөзү «байлап коюучу же байланып коюлган» дегенди билдирген. Ушул бак сөзү кыргыз тилинин өзүндө чачпак деген сөздүн составында пак түрүндө сакталып калган, ал эми байла деген этиштин ссставында бай (+ла) түрүнө келген, алгачкы г (к) тыбышы й тыбышына өтүп кеткен. Демейде байыркы баг (бак) сөзү кыргыз тилинде боо түрүнө келген, сөздүн аяккы г (к) тыбышы эринчил дифтонгуга өтүп, ошол эринчил тыбыштын таасири астында алдындагы а тыбышы да эринчил о тыбышына өзгөргөн. Кийинки баскычында бов түрүнөн созулма үндүү жаралып, боо калыбына келген.