Толковый словарь кыргызского языка. 2015
дин. 1. Орозонун токтолушу. 2. Орозо ай бүткөн кезде киши башынан алынган садага. Орозодо молдолор опулдашат битирге (Токтогул). Мажурдун зекет, битир сыяктуу жыйымдарга да сараңдык кылганын айтышчу (Абдукаримов).