БИТИН СЫГЫП КАНЫН ЖАЛАГАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан зыкым, барып турган сараң. Битин сыгып, канын жалаган байлар зили-түбү жарыбайт го (Жантөшев). – Ушул жерден битин сыгып, канын жалаган байлардан көрө, пас жактан анча-мынча бир нерсе табууга мүмкүн экен (Абдукаримов). Ал жеткен көр жемечи жана айласыз битир. Мындайча айтканда, битин сыгып, канын жалаган сараң (Алыбаев).