БИТИ-БИТИНЕ БАТПОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Аябай сүйүнүү, кубануу, чоң кубанычта болуу, кубанычы койнуна батпоо. Накта Айдана экенине көзүм жеткенде бити-битиме батпай, өзүмдү коерго жер таппай, жадырап турам («Ала-Тоо»). Сүйлөшкөн сөздөрүбүздүн баарын ичимден кайталап, бити-битиме батпай, көз алдыма келтирем («Ала-Тоо»). Уулунун окууга өткөнүн угуп, Сагын карыя бити-битине батпай сүйүндү («Ленинчил жаш»).