БИТ СЫГАРГА АЛЫ ЖОК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан алсыз, өтө начар, үлдүрөп араң турган. Кемпир үлдүрөп бит сыгарга алы жок, үнү кыңылдап сүлдөрү эле калган (Ш. Үмөталиев). В.: Бит сыгарга каруу жок. – Байтак, сен кечээ жакында эле кекиликтей тың элең, бүгүн жүрүшүң андай эмес го. Бит сыгарга карууң жок шалдайып калыпсың (Ш. Үмөталиев).