БИЛЕРМАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Башкарып-тескөөчү, белгилүү бир топтун, уруунун ж. б. иштеринин жөн-жайын жакшы билген башкаруучу, алардын эркин билдирип бийлөөчү. Эртеси эки жактан эл билермандары баш кошуп сүйлөшүп, бүтүм чыгарышты (Элебаев). Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо көпчүлүккө эриксиз баш ийип калган эле (Элебаев). 2. Иштин көзүн тааныган билгич, көптү билген, билеселүү, акылман. Ал ар нерсени өз ордуна коё билген билерман жетекчи («Кыргызстан аялдары»). Зайып болсоң да элибиздин билерманы бол (Сыдыкбеков).