БИЛЕРИК
Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түркмөн, турция, гагауз, караим, карачай-балкар, ногой, кара калпак тилдеринде билезик, билзек, өзбекче билагузук, түркмөн, турция, өзбек тилдеринин диалектилеринде билерзик түрүндө айтылган сөз кыргыз тилинде билерик болуп айтылат. Бул сөз «колдун билегине салынчу кооздук» дегенди туюнтат. Түрк тилдеринин ичинен өзбек тилиндеги билагузук деген түрү эң алгачкы формасына жакыны болуп эсептелет, анткени бул сөз алгачкы билек+йүзүк деген эки сөздүн биригишинен куралган. Өзбек тилинде толук түрүнө жакын абалы сакталып калган: билаг+узук. Байыркы түрк тилинде йүзүк сөзү «шакек» маанисин берген (ДТС, 288), билек+йүзүк сөзү «билекке тагынчу шакек» дегенге барабар маани берген. Алгачкы билек жана йзүк деген сөздөрдүн биригишинен билегйүзүк сөзү жаралган. Бириккен сөздө билек бөлүгүнүн аягындагы к (г) тыбышы й тыбышына өтүп, казак тилдеринин диалектилеринде жолуга турган билейзүк түрү жаралган. Мындагы й тыбышы мур-дагы р тыбышынын алмашканы экен деп туура эмес «оңдоп айтуудан» түркмөн, турция, өзбек тилдеринин диалектилериндеги билерзик түрү келип чыккан. Ал эми р тыбышы сакталып кала берип, андан кийинки з тыбышы түшүп калышынан кыргызча билерик түрү пайда болгон. Билезик деп айткан тилдерде, тескерисинче, р тыбышы түшүп, з тыбышы сакталган.