Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чыканак менен колдун башына чейинки мүчө, адамдын кар жилиги; айбандардын алдынкы бутунун баш жаккы бөлүгү, туяктан жогорку жагы. Билектен алуу. Калбыр өпкө, жез билек.
2. өт. Күч, эмгек. Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку (макал).
Билеги жоон —балбан, күчтүү, алдуу. Билими толук миңди жыгат, билеги жоон бирди жыгат (макал).