БИЛДИР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. бил II этишинин аркылуу мамилеси. Ойдо жок сөздү билдирип, Чериңди жазат күлдүрүп (Тоголок Молдо). 2. Туюндуруу, сездирүү, кабарлоо. Эрктүү кыргыз элиме Кат аркылуу билдирдим (Барпы). Мусабек небересине Азатбек деп ат коюуну каалагандыгын билдирди (Сасыкбаев). Ызакул чын жүрөгүнөн ыраазылыгын билдирип жүрүп кетти (Бейшеналиев).