БЕШ ӨРДӨГҮН УЧУРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Калп айтуу, жалган айтуу, капкайдагы калпты айтуу. - Жок, апатай... Алар беш өрдөгүн учуруп жатышат (Жусупов). Беш өрдөгүн учуруп жатабы дегендей болуп, бардыгыбыз дымып калдык («Кыргызстан маданияты»). Анда ал беш өрдөгүн учуруп калп айтып, аброюн көрсөтөйүн деген тура (Абакиров).