БАЛЫК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаЭ. В. Севортян балык сөзүн бал<--ык морфемаларына ажыратып, «балчылда, ургула, балкый, чайка, шалпылдат» деген сөздөр менен байланыштырып караган (Севортян, 1978, 80). Биздин оюубузча, түркчө балык сөзү монголчо загас сөзү менен тектеш. Монгол тилдеринде ар түрдүү болуп айтылган сөз алгачкы йилгасун сөзүнөн пайда болгонун В. И. Рассадин айтат (Рассадин, 1982, 138). Монголчо йилгасун сөзү түркчө йылбыш, йылбышкак сөзүнө тектеш. Ал сөз монгол тилинде йилгасун-->загасун--> загас болуп өзгөрсө, түрк тилинде йылык-->балык болуп өзгөрүп, й тыбышы б тыбышына алмашкан. Натыйжада балыктын аты денесинин жылбышкактыгына жараша келип чыкканын аныктоо монгол жана түрк тилдеринин экөөндө тең мүмкүн болбой калган.