БАГЫШ
Энциклопедия "Манас". ч.1.БАГЫШ — кейипкер, Толтойдун атасы. Жедигер уруусунан чыккан баатыр, акылман, нарк билги адам. Манас төрөлгөндө берилген тойдогу ат чабышта Б-тын Суркийиги баш байгени алат. Ошондо Б. байгенин жылкы, койлорун Жакыптын өзүнө кайра берип, «беш жүз кызыл нарын», «эки төө алтын зарын» элге тараткан (Сагымбай Орозбаков, 1. 81—82). Эпостун мындан башка да көптөгөн окуяларында кыргыздын уруу башчыларынын бири катары катышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 276— 277; 3. 53, 57, 60,101 — 104,137, 177, 268, 278).