АЖЫБАЙ
Энциклопедия "Манас". ч.1.АЖЫБАЙ — кейипкер, Айчүрөктүн жакын агаларынын бири. Чечен, айлакер, жүйөкөр адам. Түлкүнүн уулу Түмөнбай Ажынын уулу Ажыбайды жанына алып, Айчүрөктү алабыз деп, Ооганды камап турган Чынкожо, Толтойго элчи болуп барышат. А. чечендигине, айлакерлигине салып, белгилүү мөөнөт сурап, элди бүлүндүрбөй душманды токтотуп турушат. А. шартка ылайык Семетейге да жөндүү кебин айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 70—83; Курама варианты, «Семетей», 195—206). Кийин жедигер менен болгон урушка катышат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 126).