Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Этият кылуу, абайлоо, чебердөө. Кузьма көчүгүн басып, колундагы түйүнчөгүн жерге аярдап койду (Сасыкбаев). 2. Токтоо, күтө туруу, аяңдоо, аялдоо. Баягы Гаврил айткан эки айрылышка келгенде, тору аярдай калды (Элебаев). Аярдабай аттан деп, Кудаке аралап элди кирди дейт («Олжобай менен Кишимжан»).