АВТОБУС
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жүргүнчүлөрдү ташууга арналган көп орундуу автомобиль. Адам төгүп, адам алат да, Автобустар жөнөй беришет (Эралиев). Автобус тоонун кушундай алыстайт сапар улантып (Өмүрканов). «Катманду – Лхаса» деген автобуска дал баягы чолок шым, кара көз айнекчендер топурап толуп алышты (Акматов).