Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колуңдан келген жаманчылыгыңды, кастыгыңды жасай бер, такыр аянба деген мааниде колдонулат. Сооронбай болушуңа салам айта бар: бизге деген асманын таштап жиберсин, – деди да, Каныбек ордунан туруп четке карап басты (Жантөшев). В.: Тиреген асманыңды таштап жибер. Тиреген асманың болсо таштап жибер, мага баары бир (Байтемиров).