Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Элден бөтөнчө болуп, өзгөчөлөнүп тургандай, өзгөчө болуп көрүнгөндөй. Кыз болсо түн ичинде асмандан түшө калгандай кең дүйнөнүн ушул кооздугунун эркин падышасына окшоду (Жусупов). Ким болду экен бул экөө, Асмандан түшө калгандай? (Жантөшев). 2. Жок жерден, күтүлбөгөн жерден пайда боло калгандай. -Эй, Сабо, сен сыйкырчы болуп кеткенсиң го, асмандан түшө калгандай болуп кайдан чыга калдың? (Ашымбаев).