АСМАН-АЙГА ТҮЙҮЛҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Айтылган кепке, сунушка макул болбоо, четке кагуу, уккусу да келбөө, так секирүү. Шыгайдын өзүн кампачы кылууну айтканда Сагынбек асман-айга түйүлүп койгонун айтты (Жантөшев). Сапар ого бетер асман-айга түйүлдү (Бейшеналиев).