Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жогору жактан жерге карай көмкөрүлгөн сыяктуу көрүнгөн атмосфера боштугу, көк. Түпсүз деңиздей түнкү асман көгөрөт (Жантөшев).
Асман бою түйүлүү же асман-айдан түйүлүү — так секирүү, жакындатпоо, абдан чочуу, уккусу, жакындагысы келбөө. Сапар ого бетер асман-айдан түйүлдү (Бейшеналиев). Тообай кармоого аракет кылды, бирок азоо кара кер асман бою түйүлөт (Абдумомунов).
АСМАН II зат. Кечирээк бычылган өгүз.