АРАСЫНА ОТ ЖАГУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Араздаштыруу, бирин бирине жаман көргөзүү, кайраштыруу. Баарыбызды кагыштырып, арабызга от жагып ийбесин, – деп чочуладым (Жигитов). В.: Ортосуна от жагуу. Алардын ортосуна от жагууга далай аракет кылды, бирок эч нерсе чыккан жок («Чалкан»). Ортосуна чок салуу. Энеси менен кызынын, атасы менен уулунун ортосуна чок салган ким? («Чалкан»).