АК ЖОЛУҢ АЧЫЛСЫН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ишиң оңолсун, сапарың ийгиликтүү болсун, көздөгөн максатыңа жеткин деген сыяктуу алкоо, ак тилегин билдирүү, бата берүү маанисинде айтылат. Ак жолуң ачылсын! Сапарың байсалдуу болсун, Курман Карасартов (Бейшеналиев). Коммунисттик эмгектин колхозу деген ыйык атка жеткиле, ак жолуңар ачылсын! -деди Балгын чоң эне (Жантөшев).