АК ТАҢДАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ашкан акын, мыкты ырчы, чечен, сөзмөр. Ак таңдай акын Токомдон Армандуу далай сыр өттү (Нуркамал). Ак таңдай калды сайраган Акындар калды каламдаш (Маликов), Арийне, кексе Айылчы ак таңдай ырчы, жез тырмак комузчу (Бейшеналиев). Ак таңдай жандын чечени Ардактап сүйгөн өз эли (Сарногоев). В.: Жез таңдай. Алтын жаак, жез таңдай Ардагым Током аманбы? (Эшмамбет). Жез таңдай акыным, жол болсун! («Чалкан»).