Энциклопедия "Манас". ч.1.
АГЫНЕК — топоним. Айчүрөккө күйөөлөп бараткан Семетей Оогандын каны Акундун шаарына дүрбү салып, нөкөр кыздары менен Үргөнчтүн боюна келип күтүп жаткан Айчүрөктү көргөн бел (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 42).